Орто Азия мамлекеттеринин аймагында аба ырайы демейдегиден ысык болууда. Абанын орточо суткалык температурасы климаттык нормадан ашканын көрсөтүүдө.

2021-жылдын 2-июну Бишкектеги метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык күн болуп калды. Мындай маалыматтарды «Аба ырайы жана климат» сайты келтирет.

Белгиленгендей, кечээ Бишкекте абанын максималдуу температурасы 36,7 градус болду. Бул демейдегиден 7,7 градуска жогору. Ошол эле учурда, эң суук 2-июнь 1985-жылы болуп, анда аба +5,1 градуска чейин гана ысыган.

Июнь айынын эң ысык күнү 2005-жылдын 23-күнү болуп, термометр +40,9 градуска чейин көтөрүлгөн.

Негизинен июнь айынын орточо температурасы +22,9 градус.

Синоптиктердин айтымында, Өзбекстан  бүгүнкү күндө дээрлик 90 жыл мурунку температура боюнча рекордду жаңылады.

Аталган шаарда температура 46 градуска жетет, деп билдирет Podrobno.uz  Узгидрометке шилтеме берүү менен.

«3-7-июнь күндөрү Өзбекстандын аймагында жылуулуктун жогорулашы күтүлүүдө, анткени Ирандын аймактарынан ысык абанын чыгарылышы көбөйгөн. Бул күндөрү абанын температурасы климаттык нормадан 7-10 градуска жогору болот, «- дейт синоптиктер.