Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева күбө катары сурак берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда жергиликтүү маалымат каражаттарына  өзү билдирген.

«Бүгүн Аскер прокуратурасы чакырган экен. «Кумтөр» маселеси боюнча бир эле суроо берилди. 2012-жылы түзүлгөн, Садыр Жапаров жетектеген Жогорку Кеңештин «Кумтөр» боюнча комиссиянын токтом долбооруна эмнеге «макул» деп добуш бергеним боюнча суроо беришти. Депутат өзүнүн айткан сөздөрү үчүн, добуш бергени үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. 120 депутаттан 34 депутат комиссиянын токтом долбооруна «макул» деп добуш берген. Бул токтом долбоору мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн үчүн мен «макул» деп добуш бергем», — деди.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» боюнча козголгон иштин алкагында депутат Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабанов мурдакы депутат Исхак Пирматов, Талант Узакбаев кармалды.