Бул тууралуу анын жактоочусу Асыл Кочкоров билдирди.

“Төрөбай Зулпукаровго Башкы прокуратура тарабынан  коррупция беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Тергөө жана прокуратура органдарынын маалыматы боюнча Төрөбай Закирович 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун убактылуу депутаттык комиссиясынын отчетун кароодо депутаттарга кысым көрсөтүп, каршы добуш берүүгө үндөгөн деп айыпталып жатат. Бирок Төрөбай Закирович бул айыптоолорду чындыкка дал келбейт деп төгүндөөдө. Эгер, адилетүү, ачык-айкын тергөө болсо, тергөө менен кызматташып өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө даяр.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган Башмыйзамынын 77-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын депутаттары кылмыш жоопкерчилигине 2 жол менен тартылышы мүмкүн. Анда каралгандай, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен, же болбосо кылмыш үстүнөн кармалган учурда. Төрөбай Закировичке коюлуп жаткан айыптар 2012-жылы болгон. Андан бери 9 жыл өттү. Кылмыш үстүнө кармалды деп айтууга негиз жок. Демек, Башмыйзамдын талабына ылайык, Төрөбай Закировичти Жогорку Кеңештин депутаттарынын гана макулдугу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болмок.  Тилекке каршы, башкы прокуратура мыйзамсыз жол менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, соттор Төрөбай Закировичтин статусуна карабастан камакка алды. Төрөбай Закирович буга чейин тергөө органдарынан же соттон качкан эмес. Аны ошол камалган күнү күбө катары чакырылып, өз эрки менен барган. Прокуратура жана сот органдары чечим кабыл алууда мурдагы Башмыйзамга ылайык кабыл алынган “Жазык-процессуалдык Кодекске” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө Мыйзамынын” жол-жоболорун колдонгон. Бул да мыйзамсыз. Себеби, жаңы Башмыйзамда мындай деп так жазылып турат; “Ушул Башмыйзам кабыл алынган күндөн тартып анын беренелерине каршы келген башка мыйзамдар өз күчүн жоготот жана колдонууга жатпайт”.

Ошондуктан жаңы Башмыйзамды жетекчиликке алып, прокуратура Жогорку Кеңешке кайрылып, Төрөбай Закировичтин айытарын Жогорку Кеңешке берип, ал боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлүп, комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин депутаттарын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болсо гана жоопкерчиликке тартылмак. Тилекке каршы, мындай болбой мыйзам бузулду.

Төрөбай Закировичтин камалганына 3 күн болду. Бирок айрым депутаттар, серепчилер Төрөбай Закировичти камакка алуу мыйзамсыз экенин айтканына карабастан прокуратура органдары өздөрүнүн жасаган мыйзамсыз ишин оңдоого аракет көргөн жок. Ошол себептен, биз бүгүн Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылууга аргасыз болдук.”

Бүгүн, коррупцияга шектелип 2 айга камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жактоочусу Асыл Кочкоров  1-май райондук сотунун чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотко аппеляциялык даттануу менен кайрылган.