Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турат. Бүгүн, 4-июнда эртең менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагына жөнөп кетти. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов билдирди.

«Тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын топографиялык иштер боло элек тилкесине контейнер коюшту. Саат 6:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишти.

Кыргыз тарап кырдаалды эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бере элек. Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү»-деп билдирди чек ара кызматы.