Улуттук госпиталдын жетекчилиги жана жамааты кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылынын жашоочуларына колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталдын жамааты жабыркагандарга каржылык жардам көрсөтүү үчүн бир күндүк айлык акысын которушкан.

2-июнда Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев Максат айылынын жашоочуларына жардамды өз колу менен берүү үчүн Баткенге барган.

«Улуттук госпиталдын жамаатынан жалпы 625 миң сом чогулган. Башкы дарыгер Токтобай Маанаев жашоочулар менен жолугушууда аларга ден соолук жана ачык асман каалады»,-деп айтылат маалыматта.