Акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына жамынып алып, анын жакындарыбыз, кеңешчилерибиз же жардамчыларыбыз деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатат.

Мамлекет башчысы буга чейин эле мындай адамдар, керек болсо алар анын туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз.

Ошондуктан, Президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.