Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, тажик тарап делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюна өкмөттөр аралык делегациянын мурда жетишилген келишимдерин бузуу менен 4-июнда түнкү саат 03:00дөр чамасында КРнын аймагына 1000 метрге чейин кирүү менен Ош облусунун Чоң-Алай райнундагы Унжу-Булак жергесинде чек аранын такталбаган тилкесине контейнер орното баштаган. Муну менен катар тажик тараптан автоунааларда жана жеңил брондолгон унааларда аскер кызматкерлеринин топтолушу байкалууда.