Президент Садыр Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.» аттуу жарандар Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып, күнүмдүк керектелүүчү товары бар контейнерлерди Казакстандын аймагынан экспорттоо маселесин чечип беребиз деп, «M.T.A.» аттуу жарандын 1 млн 250 миң доллар алууга аракет жасаган.

Аталган факт боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

3-июнда ыкчам аракеттердин натыйжасында «А.М.Б.» жана «Б.У.М.» талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түштү.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.