Урматтуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары! Сиздер шаар калкынын мэриядагы өкүлү катары чукул арада кезексиз сессия чакырып жана коомдук транспорт маселесин чечишиңер керек.

Сиздер азыркы учурда унчукпай отуруп жана маршруттук таксилерге байланыштуу кырдаалды кароосуз таштап кое албайсыздар, анткени шаардын толук жашоо ишмердүүлүгүн камсыздоо сиздердин компетенцияга кирет жана ушул маселени чечүү боюнча чечим кабыл ала турган жападан жалгыз ыйгарым укуктуу орган болуп сиздер гана эсептелесиздер.

Транспорттук компаниялардын өкүлдөрү так ошол Бишкек шаардык кеңешинин чечимин күтүп жатат. Андыктан Бишкек шаардык кеңешинин фракция башчыларын кезексиз сессия өткөрүү демилгесин көтөрүүгө жана бир гана коомдук транспорт гана эмес, так иш-аракеттерди жана чеимдерди талап кылган коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча маселени карап көрүүгө чакырабыз.

Эгерде сиздер маршруткалардын жол кире тарифи боюнча маселени чече албасаңыздар, анда сиздер үчүн өзүңөрдү өзүңөр таратуу тууралуу чечим кабыл алуу жана тариф боюнча маселени Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышына калтыруу жападан жалгыз туура жол болуп калат.

Ошону менен бирге белгилей кетчү жагдай, тарифтерди жогорулатуу боюнча АРВ жыйынтыктары экономикалык жактан негизделген эмес, анткени тариф кандай эсептөөлөрдөн түзүлөөрү түшүнүксүз, шаардыктарга тарифтерди аныктоонун так тартибин көрсөтүү зарыл. Тарифке кандай чыгымдар кирет жана керектөөчүлөр кандай транспорттук кызматтар үчүн төлөй турганы, транспорттук фирмалардын рентабелдүүлүгү кандай экени көрсөтүлүүгө тийиш.

Азыр Бишкек шаардык кеңешин коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү эмес, шаардын калкы шайлай турганын эстегенге убакыт келди.