Бүгүн, 4-июнда борбор калаанын мэриясынын жыйын залында «СамАвто»  ЖЧКсы  япон маркасындагы ISUZU автобустарын алып келүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Келишимге Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын убактылуу директорунун милдетин аткаруучу Э.Унукуев жана «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКнын директору К.Усубаматов кол койду.

Эске салсак, ушул жылдын 11-майында Бишкек шаардык мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы  жана “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы тарабынан кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Меморандумга ылайык, Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясы  кыймылдаткычы  газ менен жүрүүчү өзбек өндүрүшүнүн жапон ISUZU маркасындагы  автобустарынан  кеминде 350нү жеткирүүгө милдеттендирилет. Келишимдин шартына ылайык, автобустардын биринчи партиясы 2021-жылдын 1-июлуна чейин шаардын каттамдарына чыгышы керек.