Чоң-Алайга чек арага баратып кулаган тик учактын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын басма сөз кызматы тик учак авариялык конуу жасаганын кабарлашты. Учурда маалымат такталып жатат.

Эске салсак, буга чейин Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин тик учагы кулап түшкөнү айтылган. Айрым маалымат каражаттар тик учактын ичинде УКМКнын төрөгасы Ташиев болгон деп жазып чыгышкан.