– Амирбек Шарипович,  Орхан мырза акыркы убактарда өзүнүн коопсуздугу жөнүндө коркунуч болгонун айткан жок беле?

– Агайды негизинен  2005-жылы жылдан бери жакшы тааныймын. Бул мекемеде агай менен бир мекемеде иштейбиз.  Агайдын мындай абалга кабылышы баарыбызга чоң табышмак болду. Ушул убакытка чейин мындай нерсе бизге сезилген, байкалган дагы эмес. Ал эч качан коопсуздугу жөнүндө арызданып айтканын уккан эмесмин. Бир гана Түркиядагы саясый кырдаалдарга  байланыштуу өз мекенин көрбөгөнүнө капаланып, жада калса жакындары каза болсо жаназасына бара албай калганына абдан кайгырып жүрчү. Мындан сырткары  Кыргызстанда болсо жогоруда айтканымдай коркуттуу үркүтүү жөнүндө кеп кылчу эмес.

– УКМК Орхан мырзага коопсуздугу боюнча эскерттүү бергенин билдирди. Бул боюнча маалымат келгенде чара көргөн жоксуздарбы?

– Бул эскертүү боюнча биздин маалыматыбыз жок. Эскерттүү деле Түркиядагы окуяларга байланыштуу абайлап жаныңызга жан сакчы алып жүрүңүз деп айтышкандыр. Агайдын жан сакчысы, айдоочусу бар болчу. Балким ал анчалык деле коопсуздугу үчүн корккон эмес болуш керек. Анткени 2011-жылдан бери Кыргызстандын жараны. Андыктан бул жагынан агай жарандык алган соң Түркияга байланыштуу саясый маселе токтоп калыш керек. Бирок  кандайдыр бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн ушундай иштер болуп жатат. Кудай буюрса жакшы жагына чечилип аман-эсен келет деп ишенебиз.

– Жок дегенде болжолдуу мугалимдин кайда жүргөнү боюнча маалыматтар барбы?

– Эч кандай маалыматыбыз жок чынын айтсам. Так маалымат берилбей жатат. Үй-бүлөсү болсо тынчысызданып олтурат. Агайдын дүйшөмбү күнү бирөөлөр тарабынан качырылганы айтылып жатат.  Аялы түнкү саат бирден кийин  жолдошу үйгө келбей калганда жакын досторуна, тааныштарына чалып маалымат бере баштаган.  Ошондон кийин издөө иштери башталды. Тилекке каршы таптакыр жыйынтык жок.

– Кыргыз бийлигинен башкы директорду аман-эсен таап берет деген ишенимиңиздер барбы?

– Өзүңүздөр байкагандай эки күндөн бери тынчтык митинг өткөрүп кыргыз өкмөтүнөн ал кишини таап бергиле деп талап коюп жатабыз.  Кандайдыр бир саясаттын ыплас оюндарына аралаштырбай  таап берсе керек. Агай жөнөкөй киши эмес, мугалим.  Агай бир нерсе болсо Кыргызстандын адам укуктары боюнча жана өзүнүн өлкө деп аталып турган имиджине кедерги тийет. Дүйнөлүк аренада өзүбүздүн аброюубузду жоготуп алабыз. Сапат лицейинин окуучулары, мугалимдерине бул окуя кандай каттуу тийип оор болуп атса, кыргыз бийлиги да тынчсыздандырышы керек. Агайдын аман-эсен кайтып келүүсү үчүн аягына чейин күрөшөбүз.

– Акыркы убакыттарда Орхан Инанды менен Реджеп Тайып Эрдогандын мамилеси жакшы болуп кеткен, ошону учун Фето уюмунун өзүнүн адамдары уурдап кеткен деген божомолдор айтылууда. Ушуга жооп берип коесузбу?

– Андай эмес, бул акылга сыйбаган нерсе.  Кантип эле ошондой болсун. Эрдоган менен жакшы болсо,  агай өзүнүн туулган жерине барып жакындары менен көрүшүп, ээн эркин жүрмөк. Албетте, агай ээн эркин Кыргызстанда гана жүрө алат. Түркиянын президенти менен мамилеси болгон эмес. Муну жөн эле экинчи тарап пияр катары же коомчулуктун көзүн буйдамалоо максатында колдонуп жатышы мүмкүн.