Жакынкы эки-үч күн аралыгында өлкө аймагында күндүн ысык болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-июнунан 7-июнуна чейин Кыргызстанда ысык аба-ырайы күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.