Эксперт Шерадил Бактыгулов учурда Чоң-Алайдагы болуп жаткан окуяларга карата баа берди. Бейшембиден жумага оогон түнү тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына 1 км. тереңдеп кирип келип, контейнер орнотушкан да 600 метр артка кайтышкан. 

“Чек арачылардын мындай иш-аракети атайын максатты көздөгөн чагымчылдык болуп эсептелет. Мунун баарына алдын ала даярдык көрүлгөнү ачык эле билинип турат – багыт тандалып, контейнер, кран, техника, жеңил брондолгон аскер техникалары (БТР, БРДМ) алынып келинип, адамдарды чогултуу уюштурулган.

Мындай аракеттерге жогору турган жетекчиликтин, башкача айтканда, Тажикстан Республикасынын Чек ара аскерлеринин башчысынын буйругусуз Тажикстандын бир да чек арачысы бара албайт. Андан тышкары, Тажикстан Республикасынын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Тажикстан Республикасынын УКМКнын төрагасынын орун басары болуп эсептелет. Ошондуктан бул акция ТР УКМКнын төрагасы менен макулдашылган.

Тажикстан Республикасындагы саясий режимдин өзгөчөлүгүн эске алганда, мындай иш-аракеттер Жогорку аскер башчысы, ТР президенти Эмомали Рахмон, Коопсуздук кеңеши менен макулдашылган. Ошондой эле бул аракеттер Рахмондун президенттик администрацияны жетектеген кызы, Дүйшөмбү шаарынын мэри болуп иштеген уулу, Тажикстан парламентинин Жогорку палатасынын төрагасы кирген тар чөйрө менен да макулдашылган. Демек, муну кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курчутуу үчүн атайын жасалган чагымчылдык деп ишенимдүү айтсак болот.

Тажик тараптын бул иш-аракеттери кыргыз жана тажик тараптардын ушул жылдын май айында жетишкен келишимдерин бузуу болуп эсептелет”, — дейт эксперт.

Эске салсак, тажик тарап бүгүн Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метрге чейин тереңдеп кирип, Ош областынын Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак такталбаган чек ара участогуна контейнер орнотуу менен тынч келишимди бузду.

Кыргыз – тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациясынын жетекчиси болуп эсептелеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев кырдаалды жөнгө салуу үчүн чек арага жөнөп кетти.