Бүгүн, 5-июнда  Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоосун улантууда. Иш таштоо төртүнчү күнгө созулууда.

Мэриядан билдиргендей, алар дагы дэле жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда.

Эскерте кетсек, кичи автобустарда жол кирени көтөрүү маселесин Бишкек шаардык кеңеши гана чече алат. Бул сентябрь айына пландаштырылган. Бирок, маршруттук таксилердин айдоочулары күтүүнү каалашпайт.

«Бул маселени мэрия тоскоолдук кылып жатат деп ойлошот. Бирок тарифтерди Бишкек шаардык кеңеши гана көтөрө алат. Өзүбүздүн бөлүктү дээрлик бүтүрдүк. Экономика министрлиги долбоордун жөнгө салуучу таасирин талдоого оң жооп берди. Азыр биз токтомдун долбоорун БГКнын кароосуна даярдап жатабыз », — деп билдирген басма сөз кызматы.