Талас облусунда 18 жаштагы кызды өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Талас ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБинин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ «Тез жардам» кызматынан Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Билдирүүнүн негизинде тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Окуя Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында жайгашып, ал жерде токтоп турган унаанын ичинен кыздын болжолдуу ок атуучу куралдан алган жаракаты менен жансыз денеси табылган. Кароо жана текшерүү жүргүзүү учурунда ал жарандын аты-жөнү аныкталып, ал Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылынын 2003-жылы туулган тургуну экендиги белгилүү болгон. Ал эми табылган унаа айып короо жайына токтотулган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине 130-беренеси «адам өлтүрүү» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергɵɵ тобу түзүлүп, кылмыштын бетин ачуу максатында кылмышка тиешелүү адамдарды аныктап, аларды кармоого багытталган тергɵɵ-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдɵ. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандарды издеп табуу максатында атайын иш-мерчемдер уюштурулуп, багыттамалар тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. Кылмыштын бетин ачууга багытталган тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат”, — деп билдиришти облустук милициядан.