5-июнь саат 9: 00дө Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал  туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок. Абалды жөнгө салуу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын СС бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ 4-июнда таңкы саат 3.00дө тажик тарап Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын тактала элек бөлүгүнө, Кыргызстандын аймагына 1000 метрге чейин кирип контейнер орното баштаган.