Айдоочулар тарабынан туруктуу маршруттук таксилерде жүрүү тарифтерин уруксатсыз 15 сомго чейин көтөрүү фактылары бар. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул фактылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага тартылат.

“Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги No 312 токтомуна ылайык “Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүн жана жүктөрүн коомдук транспортто ташуу тарифтери жөнүндө” жол жүрүү акысы -10 сом.

Урматтуу жарандар, маршруттук таксилердин айдоочулары тарифтерди көтөргөнүнө күбө болсоңуз, видео фактыларды WhatsApp номерине жөнөтүңүз: 0554 182 185”,-деп айтылат билдирүүдө.