Кыргызстан менен Тажикстан эмне жөнүндө макулдашты. Эки өлкөнүн УКМК башчылары кол койгон келишим:

▪️ Эки тарап тең чек ара постторун 3 чакырымга чейин артка тартып кетүү;

▪️ Аскер күчтөрү менен техникаларды өзүнүн туруктуу жайгашкан жерине кайтаруу жана штаттык чек ара нарядын гана калтыруу;

▪️ Бул тилкедеги жайытты колдонуу боюнча чечим кабыл алынды;

▪️ Бардык аракеттер тараптардын тең төрагалары менен алдын ала макулдашып жасалмай болду;

▪️ Тараптардын чек ара наряды жүрүм-турум эрежелерин сактоо;

▪️ Жалпыга маалымдоо каражаттарына эки тарап макулдашкан гана маалыматтарды берүү;

▪️ Топографиялык жумушчу топтун жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасынын №12\2 тилкесинен №12\9 тилкесине чейин тактоо иштерин тез арада бүткөрүү тапшырмасы берилди;

▪️ Чек аралаш жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

▪️Тараптар түзүлгөн протоколдун ар бир пунктун дыкат сактоого макулдашты.