Маркумдун балдарына компенсация төлөнүп берилет.

Бир күн мурун кырсыктан улам каза болгон УКМКнын Тогузунчу кызматынын кызматкери президент Садыр Жапаровдун жеке дарыгери болгон.

Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Илгиз Усубалиев ортопед-травматолог болгон. Анын артында жубайы жана үч баласы калды, аларга 18 жашка чейин компенсация төлөнүп берилет.

Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Арча-Бешикте өттү. Эске салсак, Ысык-Көл облусунда президенттин кортежин каршы келе жаткан унаа сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Жол кырсыгынын кесепетинен УКМКнын Тогузунчу кызматынын кызматкери каза болду.