Коом
Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы билдирди.
«6-июнь, саат 15:30га карата чек арадагы Унжу-Булак аймагында кырдаал туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна алып кетүү аяктады», — деп билдирген УКМКнын чек ара кызматы билдирет.
УКМКнын маалыматына ылайык, аймакта кыргызстандык чек арачылардын күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөөсү уланууда.
Эскерте кетсек, 4-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына Тажикстан контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарта баштаган.