Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен чөлкөмдөрүндө +34…+39, Талас жеринде +33…+38, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градус ысыйт.

Күндүн табы Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +37…+39 градусту көрсөтөт.