Дайыма квас ичип туруу тамак сиңирүүгө жана теринин абалына оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу РИА Новостиге эндокринолог жана диетолог Татьяна Бочарова билдирген.

Анын айтымында, квас B тобундагы витаминдерге бай.

«Организмде B витамини жетишпеген учурда тери сезгенип, ал майлуу боло баштайт. Мындан сырткары, чач түшүп, какач пайда болот», — деди дарыгер.

Аталган витамин жетишпей жатканда адам тез чарчап, эст тутуму начарлап, нерв системасында көйгөй жарала турганы маалым болду.

Диетологдун айтымында, квас Е, А витаминдерине жана аскорбин кычкылына бай. Анын курамында сүт, уксус кычкылдары көп болгондуктан чаңкоону да бат кандырат.

Бочарова квас ачытылып жасалгандыктан бир кружкасы же 0,3 литри табитти ачып, ичегини жумшак тазалап, тамак сиңирүүгө оң таасирин тийгизе турганын белгилеген.