Улуттук статистика комитети жыл башында кайсы тармактарда орточо айлык көбөйүп, кайсы тармакта ошол бойдон калганын тууралуу маалымат берген.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген көпчүлүк ишканаларда айлык төмөндөгүдөй көрсөткүчтө жогорулады:

  • маалымат жана байланыш тармагында — 26,9 пайыз;
  • транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында — 11,5 пайыз;
  • мейманкана жана ресторан тармагында — 11,1 пайыз;
  • илимий жана техникалык ишмердүүлүк менен алектенген тармактарда — 10,1 пайыз;
  • баалуу металлдарды казуу тармагында — 10 пайыз;
  • өндүрүш иштетүү тармагында — 9,2 пайыз;
  • дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо тармагы — 8,5 пайыз;
  • суу менен камсыздоо, таштанды иштетүү тармагы — 6,6 пайыз.

Ошол эле учурда электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо жана курулуш тармактарында иштегендердин айлыгы өскөн жок.

Кыргызстанда орточо айлык 18 миң сомдун тегерегинде деп эсептелет.