Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын аалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Жыйында Кеңештин алдында турган биринчи кезектеги милдеттер каралып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланат.

Белгилей кетсек, аталган Кеңеш Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

Кеңеш жогоруда аталган иштердин негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, бул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат. Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлгөн.

Кеңешти Мамлекет башчысы жетектейт.

Кеңештин мүчөлөрү:

— Улукбек Кармышаков — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары;

— Курманкул Зулушев — Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

— Нургүл Бакирова — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы;

— Замирбек Базарбеков — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы;

— Чынара Садырова — Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы;

— Акылбек Жапаров — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри;

— Канат Керезбеков — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин төрагасы;

— Наталья Никитенко — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы;

— Эмил Токтошев — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы;

— Улан Ниязбеков — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

— Асел Чынбаева — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Камчыбек Ташиев — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

— Билим Райымкулов — Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы;

— Автандил Арабаев Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору;

— Медербек Сатыев — Президенттин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

— Чолпон Жакупова — «Адилет» укуктук клиникасынын директору.

Кеңештин жыйыны бүгүн, саат 10.00дө КТРК, «Ала Тоо 24», социалдык тармактарда жана YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт.