Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Мундуз айылында 36 жаштагы С.Т. аттуу аял Көк-Арт дарыясына өз жанын кыюу үчүн сууга боюн таштаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар ал аялды суудан аман-эсен алып чыгышкан.

Аял Сузак райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.