«Тергөө органдары, мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрүн адилеттүү сот процессинде талашуу мүмкүнчүлүгүн берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында.

Мамлекет башчысы сот өндүрүшдөгү терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн оболу Жазык кодексин, Процессуалдык жана башка кодекстердин, ошондой эле, укук коргоо иштери менен сот өндүрүшүн жөнгө салуучу мыйзамдардын жаңы басылмаларын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын азыркы Конституциясы, атап айтканда анын «Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери» деген бөлүмү мыйзамдарды реформалоонун баштапкы негиздерин түзүүгө тийиш.

«Жаңыланган мыйзамдар формасы жана мазмуну боюнча мезгилдин духуна, коомдук муктаждыктарга, илимий ыкмаларга жана практикалык тажрыйбага дал келиши, эл аралык укуктук стандарттарга шайкеш келиши зарыл. Сот өндүрүшүнүн жол-жобосу ачык-айкындуулуктуу камсыз кылууну, сот ишин козгоп жаткан жарандардын жана юридикалык жактардын чыгымдарын азайтууну, тергөө мөөнөттөрүн, айыпталуучулардын камакта жаткан мөөнөтүн кыскартуу багытында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Сотко чейинки жана сот өндүрүшүнүн жүрүшүндөгү бурмалоону жоюу механизмдерин камсыз кылуу маанилүү. Ал эми мамлекет ар бир жаранга квалификациялуу юридикалык жардамды камсыз кылууга милдеттүү», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент жаңы мыйзамдарда адамдарды кыйноо коркунучунан коргоонун, кадыр-баркты басмырлоого каршы туруунун натыйжалуу механизмдери каралып, кыйноо фактылары боюнча акыйкат жана ыкчам иликтөө жүргүзүүнүн механизимдери камтылууга тийиш экенин баса белгиледи. Сот жана укук коргоо системалары ачык-айкын болууга, ал эми иш-аракеттери коомчулуктун көзөмөлүндө болууга тийиш.

Мамлекет башчысы реформалардын натыйжасында сот системасынын жарандарга болгон мамилеси өзгөрүшү керек деп эсептейт. Ал үчүн адам укуктарын коргоону мыйзамдар аркылуу негизги критерий катары белгилеп, сот системасын жөнөкөй жарандар түшүнгөн, ачык жана жеткиликтүү бийлик бутагына айландыруу зарыл.

«Учурдагы кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттердин жүрүшүндө ведомстволук амбицияларды эмес, жарандын, ар бир конкреттүү адамдын кызыкчылыгы жогору коюлушу керек. Жазык жана процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык так жүргүзүү абзел», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге президент мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн алдында анын мурдагы этаптарынын жыйынтыктарын анализдөө зарылдыгына басым жасады. Гуманизация процесси мамлекеттин кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөндөмүнө кандай таасирин тийизет?

Садыр Жапаров алдыдагы сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча реформаларды ишке ашырууда Жогорку Кеңеш чоң роль ойноорун баса белгиледи. Жаңы Конституциянын сот системасын жөнгө салуучу нормаларын ишке ашыруу максатында жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин сунуш кыларын кошумчалады.

Мындан улам ал ушул мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды. Бул сот органдарынын структуралык өзгөртүүлөрүн тездетүү, сот өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн күчөтүү, Сот адилеттиги боюнча жаңы кеңешти, Судьялар кеңешин түзүү үчүн зарыл.