Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Мамлекеттик салык кызматынын салыктык башкарууну жакшыртуу жана өнүктүрүү жаатындагы мындан аркы пландарын жана милдеттерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Салык кызматы «СМАРТ Салым» долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр үчүн санариптик технологияларды колдонуу менен жаңы тейлөө кызматтарын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу айтып берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы салык жол-жоболорун санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча ишти приоритет катары алып баруу зарыл экенин белгилеген.

«Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бизнес өкүлдөрү менен документтин долбоорун коомдук талкуулоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууда бизнес өкүлдөрүнүн пикири максималдуу эске алынууга тийиш», — деди Улукбек Марипов.

Кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин киргизилүүгө тийиш болгон алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ушул маселени кароодо Улукбек Марипов экономикалык субъекттердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, аларды аткаруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, эгер алар аткарылбаса жетекчилердин жоопкерчилиги караларын билдирген.