Президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынын жыйынтыктап жатып Чүй облустук сотунун төрагасы жумушуна мас болуп келген видеону көрсөттү.

Кадрдан судья бутуна тура албай мас болуп кабинетине келгенин көрүүгө болот.

Видеону көрүп бүткөндөн кийин мамлекет башчы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып «муну тааныйсызбы?» деп сурады. Ал Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турганын айтты.

Андан соң Жапаров чынында эле ал облустук соттун башчысы экенин айтып, тез арада ага чара колдонуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун расмий сайтында Чүй облустук сотунун төрагасы катары Дамирбек Оңолбеков көрсөтүлгөн.

Бүгүн президент башында турган жыйында сот жана укук коргоо тармагын өркүндөтүү маселеси каралды.