Садыр Жапаровдун кортежи менен болгон жол кырсыгы фактысы ЕРППде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коопсуздук эрежелерин бузуу жана автотранспортту эксплуатациялоо” беренеси боюнча катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Кылмыш ишинин тергөө амалдарын Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатканы такталды.
Укук коргоо органдары кырсыкка шектүү учурда ооруканада экендигин кабарлашты.
«Ал адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. Милиция авто-техникалык жана химиялык экспертизаны дайындады. Экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин, жол кырсыгынын бардык катышуучуларынын аракеттерине укуктук баа берилет »,- деп билдирет Башкы прокуратурадан.
Эске салсак, 3-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда барган учурда коштоочу унаалардын катышуусунда кырсык болгон. Беш адам жаракат алып, өлкө башчынын жеке дарыгери каза болгон.