Таиланда азык-түлүк дүкөнүнүн жанында смартфон карап отурган айым, артынан сойлоп келген жыланды байкабай калган.

Ал жыланды качан гана  буттарынын астынан сойлоп өтүп баратканда байкаган.

Анын кыйкырганын уккан дүкөндүн кызматкерлери куткарууга чуркашкан. Бактыга жараша жылан зыянсыз, чакпай турган экени аныкталган.