Самат Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 7-июнда кол койгон.

Исабековду Бажы кызматынын эмгек жамаатына Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров тааныштырган.

Самат Исабеков бажы тармагында 1996-жылдан бери иштеп келет.