13 млн сомдон ашык сумманы түзгөн жер аянты мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматкерлердин арасындагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренсинин 2-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 13 миллион сомдон ашык жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Такталгандай, 2012-жылдын август айындагы Сокулук райондук мамлекеттик архивинин буйругу боюнча, Сокулук районунун Новопавлов айыл аймагынын жалпы аянты 1,7 га айыл чарба багытындагы жер аянты социалдык объектини курууга колдонула турганы документтештирилген. Жыйынтыгында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын кызматкерлери жер тилкесинин баштапкы документтерин атайылап жасалма жол менен түзүп, анын аянтын жасалма түрдө көбөйтүлүп, жеке адамдарга мыйзамсыз берилген жана жер бөлүп берген.

Жогорудагы адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, 4 кызмат адамы жоопко тартылып, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын 10 кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган.

Аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 13 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

2021-жылдын 2-июнунда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында көрсөтүлгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар сотко жөнөтүлдү.