Кочкор райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Арсы айылынын жашоочусу 2010-жылы туулган Садыкова Айтурган изделүүдө.

Нарын облустук ИИБден билдиргендей, ал үйүнөн 6-июнда чыгып кеткен, ошондон бери анын кайда жүргөнү белгисиз болууда.

Аталган факт КЖБР катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, ал саат 15:00дө автобекеттен таксиге отуруп, Бишкекке кеткен.

Белгилери: Кара-тору, чачы кара, далысына чейин.

Кийими: кызыл футболка, кара шым, ак бут кийим, кызыл түстөгү сумка.

“Эгер анын жүргөн жерин билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып билдирүүңүздөрдү суранабыз: — (03535) 5-02-79, 0700 111 160», — деп айтылат маалыматта.