Көк-Жар конушуна жаңы сквер жасоо пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев «Бишкек башкы архитектура», «Бишкек жашылдандыруу», «Бишкек асфальт сервис» ишканалары менен сквер салына турчу аймакты көрүп келишкен.

Эс алуучу жайды жасоо иштери менен «Сорос-Кыргызстан» фонду алектене турганы айтылды. Муниципалитет да аталган долбоорду каржылоого жардам бермекчи.

«Скверде ирригациялык лотоктор, отургуч, таштанды салгычтар коюлат. Ошондой эле тротуар, жарыктандыруу калыбына келтирилет. Скверди ушул жылдын август айынын аягында бүтүрүү пландалган», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жакында эле Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишине жаңы сквер пайда болгон.