Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кайрат Осмоналиевди Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигине дайындоону жактырды.

Анын дипломатиялык кызматка талапкерлигин президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен бекитиши керек. Жалпы парламенттин макулдугунун кереги жок.

Осмоналиев 2016-жылдан бери Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү. Ал Кыргыз улуттук университетинин ардактуу илимий доктору, профессор, дасыккан юрист.