Кечээ, 7-июнда Баткен облусунда Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен, Лейлек районунун Исфана, Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларынын мэрлерин шайлоо өттү, деп билдирет Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кадамжай шаарынын мэри болуп Бегалиев Бакытбек Турдалиевич шайланды, ага Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Айдаркен шаарынын мэри болуп Мурзажанов Алтынбек Саматович дайындалды, Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11 добуш берди. Добуш берүү эки тур менен өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Исфана шаарынын мэри болуп Рысов Чынгыз Абжалилович дайындалды, Лейлек шаардык кеңешинин 31 депутатынын ичинен 17си добуш берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Баткен шаардынын мэри болуп Бурканов Имамназар Апызович дайындалды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын бары добуш берген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп Маткалыков Асылбек Жорбаевич дайындалды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын 17си добуш берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сүлүтү шаарынын мэри болуп Халбеков Абдысамат Дыйканбаевич дайындалды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын 15ши добуш берди.