Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жеңил унаалар катышкан жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, экөө жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылында саат 4:30 чамасында, Балыкчы, Кызыл-Суу, Каракол унаа жолунун 178-чакырымында, BMW 525жана AUDI C4 үлгүлөрүндөгү авто уналардын кагылышуусу катталган.

Окуя болгон жерге Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылды.

Кагылышуунун натыйжасында 3 адам көз жумуп, эки адам ооруканага жеткирди.