Чүй районунун ИИБдүн начальниги милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов жана орун басары милициянын подполковниги Асылбек Назаралиев, ошондой эле Ибраимов айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Алиев жана милициянын аймактык тескөчүлөрү Чүй районунун Кошой айылында жергиликтүү тургандар менен жолугушуу уюштурушту.

Жолугушууда Чүй РИИБдүн башчысы жергиликтүү тургундарга милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берип, андан сырткары милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен жер-жерлерде алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп жатканына токтолуп, милиция кызматкерлерине кайрылуулар же башка көйгөйлөр болсо милициянын көчмө кабылдамасына кайрылуу жашоочулар үчүн ыңгайлуу экендиги эскертилди. Андан сырткары ата-энелер тарабынан да балдарга көзөмөл кылуу зарылдыгы айтылып, өспүрүм балдар менен гана чектелбестен бойго жеткен балдарга да көңүл буруп, алар кандай чөйрөдө жүргөнүн жана жанындагы жүргөн шериктери тууралуу билип коюу да маанилүү экенине токтолду. Андан сырткары учурда жай мезгили болуп балдардын көпчүлүгү сууга түшүп жаткан маал болгондуктан алардын коопсуздугуна көңүл буруу зарылдыгы да эскертилди.
Кошой айылында болгон жолугушууга жергиликтүү жашоочулар активдүү катышышып, алар өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле, жергиликтүү тургундар Чүй районунун милициясынын аткарган иштерине оң баа беришип, милициянын аймактык тескөөчүлөрү ар дайым жарандар менен тыгыз байланышта болушуп, эл менен ар дайым жолугуп, кеңеш берип жаткандарына ыраазы экендиктерин билдиришти.
Учурда күн ысып жаткандыктан сугат суу боюнча айыл аймактын башчысына суроолорду узатышып, жергиликтүү бийлик тарабынан аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айыл аймак башчысынын өзүнөн угушту.
Жолугушуудан соң милициянын аймактык тескөөчүлөрү Чүй районунун аймагындагы балдар сууга түшүүчү көлмөлөрдү кыдырышып, сууга түшүүгө тыюу салынган аймактар ден соолук жана өмүр үчүн кооптуу экендигин балдарга эскертишти.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы