Кечээ Бишкек –Торугарт унаа жолунда болжол менен саат 17:30дар чамасында кайгуул унаасы “Дэу Нексия” жана ВАЗ 2114 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар жок.

Кырсык болгон учурда кайгуул унаасы жол кыймылынын эрежесинин бардык талаптарын сактоо менен бурулууну көздөгөн, бирок артта келе жаткан ВАЗ унааны сүзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, ВАЗ жогорку ылдамдыкта келе жаткан.

Азыркы учурда эки унаа тең бардык жагдайлар такталганга чейин айып аянтына токтотулду.