8-июнь маанилүү экологиялык майрам — Дүйнөлүк Океандар күнү.

Бул датаны белгилөө идеясы 1992-жылы Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) өткөн Жер саммитинде айтылган. Ошол мезгилден бери бул майрамды жыл сайын 8-июнда Дүйнөлүк океанга  жакын  адамдардын бардыгы белгилеп келишет.

Бүгүнкү күндө экологдор, ихтиологдор жана көптөгөн зоопарктардын, аквариумдардын, дельфинариумдардын кызматкерлери  деңиздин тереңиндеги жашоочуларынын укуктарын жана туруктуу экологиялык чөйрөнү коргоо максатында өз аракеттерин координациялап жатышат.

2008-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы (No А / RES / 63/111 резолюциясы) 2009-жылдан баштап майрам расмий түрдө белгиленет деп чечкен.