Бишкекте катуу шамалдан үч адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, алар баш мээсинен жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда алардын абалы туруктуу.

Белгилей кетсек, кечээ,8-июнда, катуу шамал борбор калаадагы бак-дарактарды кулап  автоунааларга тийген, көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кеткен.