Кечээ, 8-июнда саат 18:00дөр чамасында Баткендин Сүлүктү шаарындагы “Ас-Сүлүктү” шахтасы урап калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен шахтада иштеген 20 жаштагы жигит каза болуп, 36 жаштагы эркек адам жабыркаган. Анын абалы орто.

Тартылган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, шахтадан каза болгон жарандын сөөгүн жана жабыркаганды чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.