Ош шаарында 10–14-июнь күндөрү «Мигранттар Профсоюзунун» активисттери үчүн жаштар лагери өтөт. Бул  тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Аталган иш-чара «Солидарность» борборунун колдоосу менен «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан өткөрүлөт.  Анда, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы жаш профсоюз активисттери катышып, бир топ учурдагы маанилүү темалар  талкууга алынат.

Темалары:

«Жаштардын профсоюздук активдүүлүгүн мотивациялоо»;

Лагерге атайын чакырылган тренер-коуч Лилия Утюшева;

“Мүмкүн эмес МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ишке ашыруу орду”;

«Активисттин баалуу образы»;

“Приоритеттерди туура тандоо” – коомдук-саясий жана социалдык процесстердин эксперти, изилдөөчүсү Эльмира Ногойбаева;

“Миграция жана учурдагы заманбап контекст”;

“Эл аралык деңгээлдеги миграциянын заманбап тенденциялары”, ошондой эле “Кыргызстан курулуш жана курулуш өнөр жай материалдар кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы” Элдияр Карачалов

“Эмгек укугунун негиздери”;

«Соvid-19 пандемиясынын шартындагы алгылыктуу эмгектенүү”;

“Эмгек укуктарынын бузулуусуна канткенде жол бербөө зарыл”, — деген аталыштагы темалар болмокчу.