Ысык-Көл облусунда «Кыргызстандын бермети» V эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль 5-11-июль күндөрү Чоң-Сары-Ой айылында өтөт.

Иш-чаранын алкагында ушу саньда, таэквон-до ИТФ, WMF тай боксу, UWW грепплинг, таяк тартыш, к-1, кикбоксинг, кол күрөш, ММА GAMMA жана оксуз кармашуу боюнча мелдештер өтөт.

Иш-чараны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Спорттун түрлөрү боюнча федерациялар уюштурууда.