Өткөн жуманын этегинде Кимдин башкаруучу партиянын Саясий бюросунун отурумунда сүйлөп жаткан сүрөттөрүн NK News басылмасы талдаган.  Анын бир айдын ичинде эл алдына чыканында олуттуу салмак жоготуп алгандыгы байкалган.

Басылма ошондой эле, Ким Чен Ын өзүнүн сүйүктүү саатынын кайышын бекемдеп койгонун, анын баасы 12000 доллар турарын белгилеген. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, анын сол билеги 2020-жылдын ноябрь айында жана ушул мартта тартылган окшош сүрөттөргө караганда кыйла ичке.

Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттиги өткөн жылы депутаттарга Кимдин салмагы 140 кг деген, 2011-жылдын аягында бийликке келгенден бери жылына орто эсеп менен 6-7 кг салмак кошуп келатканын айткан. Бирок Кимдин сырткы көрүнүшү оорунун кесепетинен болдубу же атайын арыктоого чечим чыгаргандыгы азырынча белгисиз.

Аналитиктер бул салмак жоготуунун саясатка жана Түндүк Кореядагы экономикалык кырдаалга көбүрөөк тиешеси бар деп эсептешет. Өлкө коронавирус пандемиясы, бир катар жаратылыш кырсыктары жана эл аралык санкциялар учурунда Кытай менен соода кескин төмөндөшүнөн улам азык-түлүк тартыштыгын жана экономикалык кризисти башынан өткөрүп жатат.