Бүгүн, 9-июнда, Лейлектеги Максат айылында коогалаңдан кийинки биринчи курулуштун ачылышы болуп өттү. Аталган айылда, башкы административдик имарат салтанат менен ачылды.

Облустук, райондук жетекчилер катышкан аземди Кулунду айылдык маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа коштоду.

Долбоорду Кара-Балта шаарындагы Мургаб кайрымдуулук коомдук бирикмеси каржылап, бүгүн айыл элине өткөрүп берди.

Эске салсак, чек ара чатагында Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят, дерево и на открытом воздухе)