Белгилүү журналист Эрнис Кыяз уулу мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Закиров тууралуу төмөнкүдөй пикирин калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Бир кезеңдерде Садыр Жапаровду баары жээрип, “..бакиевдин бөлтүрүгү” деген айгакты чапташып, тууган-туушканы кодуланып, агасын кайсы бир көмүр кени боюнча шылуундук кылды деп жүдөтүп, карындашын банк иштеринде мыйзамсыз иштерди жасады деп куугунтукталып жүргөн учурларда кайсы бир жолдор, кайсы бир издер аркылуу Польшанын Варшава шаарына чейин барып бийликтин куугунтугунан качып убактылуу баш калкалап жүргөн Садыр Жапаровдун өзүнө жолугуп “сиз чындап эле желмогузсузбу, сиз ырасында эле мокочосузбу, сиз аныгында эле мамлекетке залал келтирген кылмышкерсизби?»” деген контексттеги суроолорду берип, коомчулукка дүң болгон Кумтөр темасы боюнча да суроолорду узатып, кенен маек кылдым эле.
Варшаванын кээ бир көчөлөрүн чогуу кыдырганбыз, жеңенин кайнаткан чайын, жасаган тамагын бир үстөлдө олтуруп чогуу ичкенбиз, жегенбиз. А түгүл жанаша туруп чогуу намаз да окуп калдык. Жайнамазда туруп Кудайга жалынган, Кудайдан тиленген, Кудайга ишенген кишинин мага берген маегинде айтылган сөздөр калп болбосо керек… — деген ишеним менен Кыргызстанга кайттым да, ал видео-маек интернетке жарыяланды. Андан бери кыйла суулар акты, кыйла мезгилдер зымырады, оомал-төкмөл окуялар болуп өттү, азыр баягы кодуланган, жээрилген, жаманаттыланган С. Жапаров өлкө президенти.
Төрөбай таксыр, (мен сизге демейде “аке”, “байке” же “Төрөбай Закирович…”, “урматтуу депутат” деп эмес илгертен бери ушинтип “таксыр” кайрылат эмесминби) Бу тапта чоң сыноолорго туш болуп турган чагыңыз. Сизди мурда-кийин чала билгени да, билбегени да сизди “желмогуз, мокочо..ал ошону көрмөк…” деп кекээрлешсе, бир даары “…андай болушу мүмкүн эмес, ал ага бармак эмес…” дешип, а кээлери “элди ойлогон эл уулуна боштондук!” дешип ушу кезге чейин жер сабашууда.
“Мен билген, мен мамилелешкен, мен ыймандашкан Төрөбай Зулпукаров айрымдар ызырынышкандай мокочо, желмогуз эмес эле; ал эл көзүнө көргөзбөй дааваттарга чыккан, беш маал намазын окуган, купуя соопчулуктарды жасаган, ар бир айткан сөзүндө, ишинде Кудай менен эсептешкен; дүйнө иштеринде өзүн токтоо кармаган, Акырет сотундагы сурак берчү күнгө ишенген, андан корккон инсан болчу” дейин десем, “…кыңыр иш жасаса сага айтып жасамак беле, күнөө кылса сага айтып кылмак беле, балким сен билбеген көмүскө жактары бардыр! Коррупция менен күрөшүүгө жолтоо болбой “досум эле, таанышым эле“ дегениңерди кое турбайсынарбы!” – деп жаалданган комментарийлердин тебелендисинде калаарымды билип турам.
Мен сөзүмдүн башында С.Жапаровдон алган маегимдин таржымалын бекер мисалдатканым жок. Илгери көптөрү жээриген, көптөрү түкүргөн, көптөрү “ал ошону көрмөк..” дешкен С.Жапаровго барып жолуккандай, өзүңүзгө барып тике жолугуп “..э таксыр, мен сиздин жакшы жактарыңызды билет элем, эл арасында сизди мокочолук кылган, желмогуздук кылган, элдин акысын жеген, жегичтерге жардам берген…” деп жатышат го? Абийириңиз астында, Кудай астында, жүрөкко колду коюп, чындап жооп бериңизчи, сиз өзү кимсиз, балким билип же билбей жаман иш жасоочулардын куралы болуп калдыңызбы же атайылап элге залалдык кылган иштерге бардыңыз беле?” деген сыяктуу бир топ тике суроолорду берип маек кылайын дегем. Бирок мыйзамдуу мамлекетте ошентип суракка ала турган, суроолорду бере турган структаралар бар экен, ошолор сизден күмөндөнүп, сурачу суроолорун сурап, азыр адвокатыңыздан башка киши сиз менен байланыша албай турган чак.
Өзүңүз деле угуп, окуп жатсаңыз керек, илгери күнөөлөнүп, кодуланган Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыровдор “алар ак, күнөөсү жок” делинип сотто толук акталышыптыр. Эл арасы толук тынч дешке болбойт. Камалган лидерлердин районундагы калк аларды “Эл уулу! Элдик баатырыбыз! Анын күнөөсү жок, таза!” дешип сотторго муштум кезешүүдө. Алмаз Атамбаевдин, Асылбек Жээнбековдун, Өмүрбек Бабановдун электораты жогорудагы лидерлердин “таза жана ак” экендигин айтышып “чындык үчүн акыр аягына чейин барышаарын” айтып көшөрүп келишет.
Төрөбай таксыр, “…бардык нерсе Аллахтан, Анын буйругусуз деңиздеги кумдун бир бүдүрү да ордунан жылбайт”, — деген мисалды көп айтчу элеңиз, демек сиздин башыңызга келген азыркы сыноону да Жараткандын буйругу катары татыктуу кабыл алып «ар нерседе жакшылык бар» деген ишенимге дагы да бекем ынанып жатасыз деген ойдомун. Азыркы саманы-топону, чындыгы-жалганы аралашкан тумандуу күндөр өтөт кетет. Саманы учуп топону калчу, жалганы тарап чындыгы калкып үстүнө чыкчу келечектеги күндөр маанилүү. Келечектеги репутация орчундуу. Адам ишинде, сөзүндө таза болгон болсо канча жылдар өтпөсүн анын тазалыгын эч ким өчүрө албастыгын көрүп-билип келе жатабыз. Илгери соттордун адилетсиздигинен жабыр тарткан Садыр Жапаров бүгүнкү күндө да соттогу адилеттүүлүк, соттогу бейтараптуулук, соттогу көз карандысыздык деген нерселер коомубузда өтө актуалдуу болуп тургандыгын түшүнөт болуш керек.
Буюрса, сиздин абийриңиздин тазалыгына үмүттөнүү менен, Кудайдан “О Кудай, сен баарын билүүчү, баарын көрүүчүсүң! Кимдердин чындап күнөөсү болсо, элге залал келтиришсе, эл акысын жесе, аларды жазала, кимдерге бейкүнөө жалаа жабылып жаткан болсо, алардын акталуусуна, эл астында жүзү жарык болуусуна жардам бер, аларды колдой көр!” деп тилек кылам!
Э.К. 0.06.2021.» — деп жазган Эрнис Кыязов.