Кыргызстан «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалды.

Далилдөө күбөлүгүндө согуш аракеттеринен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарына мүлктүк компенсация берүү максатында ушул мыйзам долбоорун киргизүү сунушталганы айтылат.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен каржылык чыгымдарды алып келбейт деп белгиленди.