Сальвадор парламенти биткоинди мыйзамдуу төлөм каражаты катары тааныды. Добуш берүү учурунда, өлкө депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү биткоиндерди  колдонууга өтүү боюнча Президент Наиб Букеленин сунушун колдоп добуш беришти. Президент мыйзамга бүгүн кечинде же эртең эртең менен кол коюуну көздөп жатат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын 62 мүчөсү мыйзам долбоорун колдоп, 19у каршы чыгып, үчөө калыс болушту.

Букеле өзүнүн көз карашы жөнүндө кененирээк маалымат берип, аны жарандардын 30% гана каржылык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүгү бар өлкөдөгү каржылык камтылууну жакшыртуу аракети катары мүнөздөдү.

Ага ылайык, мыйзам бардык ишканаларды биткоиндерди товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө кабыл алууга милдеттендирет. Ошол эле учурда, өкмөт криптовалютанын алмашуу курсунун туруксуздугуна байланыштуу тобокелге баргысы келбеген уюмдарга колдоо көрсөтөт.